• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстандын түштүк-батышында селден 700дөй турак-жай зыян тартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Түркмөнстандын Мары облусунун Тагтабазар районунда селдин кесепетинен 700дөй турак-жайга доо кетти.

centralasian кызматы кабарлагандай, Тагтабазар шаарчасында эле 300дөн ашуун үй зыян тартты, алардын ичинен 70и такыр жарактан чыкты. Мындан тышкары Марчак, Яшлык жана Байрач дыйкан чарбалары жабыркады.

Сел бир жума мурун жүргөн. Катуу жааган жамгырдан улам Мургаб дарыясы жээктен чыгып кеткен.

Тагтабазар району менен чектеш Ооганстандын бир нече провинциясы да тилсиз жоодон заян тартты. Иранда болсо сел калк жыш отурукташкан аймактарды каптады. Ондогон кишилердин өлгөнү кабарланууда.

Балкан облусунун Этрек районунун айрым айылдары бир жумадан бери изоляцияда калды. Суу ташкынынын кесепетинен темир жолдор, автотрассалар бузулду.

Пикир

Оставить комментарий