• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстандын улуттук валютасы кескин кунун жоготууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Түркмөнстанда эки жумадан бери улуттук валютанын кескин төмөндөөсү уланууда. Көмүскө базарда 1 доллардын курсу 40 манатка жетти. Бул быйыл январдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 50% жогору.

Эксперттердин пикиринде, манаттын кунун жоготуп жатышына жакында түркмөн-иран чек арасынын ачылганы да себеп болууда. Мындан тышкары Түркиядагы мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын азайышы да түрткү болуп жатканы айтылууда.

Быйыл январдын ортосунда көмүскө базарда 1 доллар 27-28 манаттан сатылып жаткан. 3-апрелде Ашхабад шаарында доллардын курсу 38 манатка чыгып, кечке жакын 40 манатка чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

Түркмөнстандын Борбордук банкы 2015-жылы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп белгилеп, ошондон бери өзгөрө элек. Өлкөдө 2016-жылдан бери акча алмаштырууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий