• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстандын жана Египеттин президенттери Мамытовду жана кыргыз элин Жаңы жыл менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Любить по-туркменски. Неожиданные достижения президента Туркменистана | В  мире | Политика | Аргументы и Факты

«Сиздерди келе жаткан 2021-жыл — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, кубаныч, бардык ишиңизге албан ийгиликтер, ал эми боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл баарына бакыт жана бакубатчылык алып келсин!», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Ал эми Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сисинин куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй деп айтылат:

«Ушундай жагымдуу учурдан пайдаланып, Жаңы жыл биздин глобалдык көйгөйлөрдү жеңип чыгуу, баарына тынчтык жана бакубат жашоону камсыздаган келечекти тартуулоо үчүн ой-тилектерибизди ишке ашыра турган жаңы багыттарды ачат деп чын жүрөктөн үмүттөнөрүмдү билдирем. Ошондой эле, биз 2021-жылы эки элдин өз ара пайдалуу мамиле куруусуна жетишүү үчүн ондогон жылдардан бери келаткан мамилелерибизди мүнөздөөчү достук жана кызматташтык нугундагы эки тараптуу байланыштарыбыздын мындан ары кеңейишине күбө болобуз деп үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах аль-Сиси: фото, биография, досье

Абдель Фаттах Аль Сиси Талант Мамытовго бакубатчылык, ийгилик жана Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий