• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстандын президенти Азербайжанга расмий сапары менен барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жакынкы аралыкта Азербайжанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Түркмөнстандын ТИМ башчысы Рашид Мередов билдиргенин “Тренд” агенттиги жазат. Эскерте кетсек, аталган өлкөлөрдүн ТИМ министрлери бүгүн Бакуда жолугушкан.

Министрлердин жолугушуусунда Баку менен Ашхабад саясий диалогду улантууга кызыкдар экени, эл аралык жана аймактык платформада мамилени жакшыртуу талкууланды деп жазылат Азербайжандын ТИМ маалыматында.

Тараптар ошондой эле, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык байланышын кеңейтүү жөнүндө сөз кылышты.

Күн тартибинде саясий, экономикалык, энергетика тармагы, транспорт жана гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле, Бакуда үч тараптуу жолугушуу өтөт. Алар Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан мамлекеттери.

Белгилей кетсек, үч тараптуу ТИМ жолугушуусу 2014-жылдын 26-майында Бакуда өткөн. Экинчиси 2015-жылдын 29-январында Ашхабадда, үчүнчүсү 2016-жылдын 28-августунда Анталия шаарында болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий