• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТҮРКПА Байкоочулары Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча билдирүү жаcашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. ТҮРКПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйынын курду. Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин депутаты, ТҮРКПАнын Байкоочулар миссиясынын төрагасы Ахлиман Амирасланов Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ТҮРКПАнын программасы боюнча маалымат берди.

Миссиянын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Максат Сабиров жана Закир Шарапов шайлоонун өтүшү боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Байкоочу миссия Түркиянын борбору Анкара шаарында 40ка жакын шайлоо участокторунда болушту. Андан соң 3 шайлоо участогунда добуштарды саноо иш-чарасына байкоо салышып, шайлоо участокторундагы жооптуу кызматкерлер жана жана шайлоочулар менен баарлашты.

Шайлоодон бир күн мурун байкоочулар Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гүвен мырза менен жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Аталган жолугушууларда байкоочуларга шайлоого даярдык көрүү иш-чаралары жана Түркиядагы алдыңкы саясий күчтөрдүн шайлоо платформалары менен саясаты тууралуу толук маалымат берилди.

Байкоочу миссия тарабынан шайлоо участокторунда эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Тиешелүү органдар шайлоолорду өткөрүү үчүн жакшы камсыздалган жана кесипкөй даярдыктан өткөрүлгөн. Миссия 2018-жылдын 24-июнунда Түркия Республикасындагы президенттик жана парламенттик шайлоо Түркиянын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген жыйынтыкка келген.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 24-июнунда Түркияда өткөн президенттик жана парламенттик шайлоого ТҮРКПАга мүчө болгон Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын парламенттеринин депутаттары жана ТҮРКПА Катчылыгы байкоо жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий