• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТүркПАнын аталышын өзгөртүү сунушталды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Чолпон-Ата, 24.06.22/ Кабар/. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык жыйынынын алкагында уюмдун аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү маселеси каралат.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова жогорудагы маселе XI пленардык жыйындын күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири экенин баса белгиледи. "Бул тарыхый окуя", - деди ал.

Белгилей кетсек, уюмдун аталышын өзгөртүүдө жаңы желекти жана логотипти кабыл алуу да каралган.

Пикир

Оставить комментарий