• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ТҮРКПАнын башкы катчысы: Борбор Азияда суу ресурстарын башкарууда биргелешкен иш-аракеттер маанилүү

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. “Борбор Азияда суу ресурстарын башкарууда биргелешкен иш-аракеттер маанилүү”. Мындай пикирин ТҮРКПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов 15-июнь күнү Азербайжандын борбору Бакы шаарында болуп өткөн “COVID-19 пандемиясы маалында суу ресурстарын жана жер кыртышын коргоо” аттуу видеоконференциянын жүрүшүндө билдирди. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) катчылыгы билдиргендей, ТҮРКПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын алкагында уюштурулган видеоконференцияда дүйнөлүк COVID-19 пандемиясынын айлана-чөйрөгө, анын ичинде суу ресурстарына жана ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн жерлерине тийгизген таасири, ошондой эле тиешелүү тармактарда кызматташуунун ыкмаларын изилдөө талкууланган.

Видеоконференциянын жүрүшүндө ТҮРКПАнын башкы катчысы буга чейин суу ресурстарын башкаруу маселелерине байланыштуу ар кандай аянтчалар уюштурулганын, мындай аянтчалардын биринде КР президенти Сооронбай Жээнбеков дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өз ара пайдалуу кызматташуу ийгиликтүү жүзөгө ашырылгандыгына карабастан, аймактагы суунун башында жайгашкан мамлекеттерде, суу ресурстарын кошуна өлкөлөрдүн сугат муктаждыгын канааттандыруу үчүн топтоодо кенемте механизми жок экендигин белгилегенине токтолгон.

Аталган видеоконференцияга ТҮРКПАга мүчө парламенттердин депутаттары, Өзбекстандын парламентинен депутат, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн Азербайжандагы элчилери жана элчиликтердин өкүлдөрү, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин, БУУнун (UN) Өнүгүү программасы (UNDP) жана ФАО (FAO) сыяктуу эл аралык институттардын эксперттери катышкан.

Пикир

Оставить комментарий