• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТүркПАнын кезектеги 11-пленардык жыйыны 2022-жылы Кыргызстанда өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Х пленардык сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жыйынга ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламент башчылары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин спикери Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Ассамблеясынын тѳрагасы Мустафа Шентоп катышты.

“Түрк парламенттер аралык кызматташтыгынын келечеги” аталыштагы жыйында парламенттер аралык кызматташууну, мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогду, саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, укуктук жана башка тармактардагы мамилелерди өнүктүрүү туурасында сөз болду. Күн тартибинде жалпы жонунан 14 маселе каралды. ТүркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу бир жылдык отчет угулуп, 2022-жылга бюджети, Баш катчынын жана анын орун басарларынын орду бекитилди.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык бардык мүчө-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын айтып, кызматташууну өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын маанилүү ролун белгиледи.

«Ар тараптуу тереӊ кызматташууга эки жана көп тараптуу иш-чараларда жогорку жана бийик деӊгээлдеги үзгүлтүксүз жолугушууларыбыз кеӊири шарттарды жаратууда», - деди Талант Мамытов.

Жыйындын жүрүшүндө ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков комиссиянын сунуштамалары боюнча "Пандемия шартында ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн айылдык аймактардагы социалдык абалы", Экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеӊештин депутаты Салайдин Айдаров “Электрондук коммерция боюнча моделдик мыйзам жөнүндө” баяндама жасады.

Жыйын соңунда 10-пленардык жыйындын жыйынтык документи – Түркстан декларациясы жана ТүркПАнын кезектеги 11-пленардык жыйынын 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламент башчылары тарабынан кол коюлган Макулдашууга ылайык түзүлгѳн.

Пикир

Оставить комментарий