• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТүркПАнын кийинки жыйыны 2018-жылы Стамбулда болот

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жетинчи жыйыны аяктады.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар кийинки VIII жыйын 2018-жылдын ноябрь айында Стамбулда (Түркия) болот деген чечим кабыл алышты.

Жыйынтыгында Ала-Арча декларациясына кол коюлду.

ТүркПАга төрт өлкө кирет: Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия.

Эске сала кетсек, ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий