• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ТҮРКПАнын тармактык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊеште Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын бешинчи жыйыны болду.

Жыйында аталган комиссиянын төрагасы, ТҮРКПАдагы Азербайжан делегациясынын мүчөсү Ахлиман Амирасланов жыйындын күн тартибне коюлган табигый ресурстарды экологиялык жактан туруктуу пайдалануу маселеси дүйнө жүзүндө, анын ичинде ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдө дагы актуалдуу болуп жаткандыгына токтолуп, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү программасынын 17-максатында да жаратылыш ресурстарын сарамжал, таза пайдалануу белгиленгендигин эске салды. «Жер байлыктары айлана-чөйрөгө зыян болбогондой пайдаланылышы кажет» деген А.Амирасланов комиссия мүчөлөрүн мындай олуттуу маселеге жигердүү катышууга чакырды.

Жыйынга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаты Абылкайыр Узакбаев жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туура пайдалануу туруктуу өнүгүү менен дени сак келечекке кам көрүү экендигин баса белгилеп, аталган комиссиянын талкуусу аркылуу ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн табигый ресурстарын туура пайдалануу жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү зарылдыгын айтты. Жогорку Кеӊеш депутаты мындай бирдиктүү иш-аракеттер менен бир тууган мамлекеттердин экономикалык, социалдык жана экологиялык абалдары өркүндөй тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө аталган комиссиянын мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркияда жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышы боюнча берилген маалыматтардын негизинде табигый ресурстарды экологиялык жактан туура пайдаланууга укуктук жактан колдоо, бул багытта өткөрүлгөн семинарлар, анда даярдалган тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-аракеттерди көрүү сыяктуу иш-чаралар белгиленген документтер боюнча сөз кылышты.

Жыйынтыгында жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туура пайдаланууга укуктук жактан колдоо боюнча сунуштаманын долбоору бекитилди. Ошону менен катар ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын кийинки 6-жыйынын 2020-жылдын май айында Караман шаарында (Түркияда) өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты. Комиссиянын кийинки жыйынында жер кыртышы менен суунун булгануусун алдын алуу тууралуу маселе каралмай болду.

Пикир

Оставить комментарий