• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТүркПАнын XI пленардык отуруму 23-24-июнь күндөрү Чолпон-Атада өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. 23-24-июнь күндөрү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул тууралуу КР ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен барды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнь күндөрү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин XI пленардык отуруму Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага ылайык, төрага Талант Мамытов аталган эл аралык иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, министрликтердин, тиешелүү мекемемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү протоколдук тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти. Муну менен катар даярдык иштери жеринде көрсөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, ТүркПАнын XI пленардык отурумуна уюмга мүчө Түркия, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринин, ошондой эле боордош Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия өлкөлөрүнүн парламенттеринин делегациялары катышат. Отурумда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзамдардын долбоорлору кабыл алынат. Муну менен катар ТүркПАнын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилип, иш чаралардын планы каралат.

Пикир

Оставить комментарий