• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТҮРКСОЙ 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады

Коом 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. ТҮРКСОЙ 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТЮРКСОЙ) Түркстан (Казакстан) калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралу жыйынга катышкан Кыргызстан маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, 2018-жыл ичинде ТҮРКСОЙ эгидасы алдында бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовга арналган көптөгөн иш-чаралар өтмөкчү.

Бул жыйында Кыргызстан ТҮРКСОЙдун башкы катчысын шайлоого жана ээлеп отуруу мөөнөтүнө байланыштуу уюмдун Келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Атап айтканда, бир эле өлкөнүн өкүлүнүн башкы катчынын кызматын катары менен көп жолу ээлеп турушун алгылыксыз деп эсептерин билдирди. Талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп жана аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Дүйсен Касеинов (Казакстан) ээлеп келатат, бул жолу дагы ал көпчүлүк добуш менен кийинки мөөнөткө шайланды. (Кыргызстан каршы добуш берди).

2018-жылы 25 жылдык маарекесин белгилегени турган ТҮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп турат. ”Түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн түрк элдеринин кызматташтыгын” аталган уюм өзүнүн башкы максаты катары жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий