• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТҮРКСОЙ Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Токиодо белгиледи

Маданият 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. ТҮРКСОЙдун демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси күнчыгыш өлкөсү Япониянын борбору Токио шаарында майрамдалды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Акасака-Халл концерттик сарайында өткөн эл аралык салтанатта Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев менен Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин баш катчысы, профессор Багдад Амиреев бул эстен кеткис иш-чараны уюштурууга демилгечи болгон ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна жана уюштуруу иштерин колго алып, өзгөчө жардам көрсөтүшкөн Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Түркиянын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын Япониядагы элчиликтерине ыраазычылык билдиришти, ошондой эле Чыңгыз Айтматов тууралуу ойлорун ортого салышты.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык артыкчылыктары, бийиктиктери тууралуу Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин жана Япониянын Ибараки шаарындагы Цукуба университетинин профессор даярдыгындагы окутуучусу Сей Матсушита кыскача доклад жасашты.

Салтанат андан ары Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү даректүү фильм жана жалпы түрк дүйнөсүнүн таланттарынын башын кошкон ТҮРКСОЙ эл аспаптар оркестринин чоң программадагы концерти менен коштолду.

Улуу жазуучунун урматы үчүн даярдалган жалпы түрк дүйнөсүнүн таланттарынын концертинде кыргызстандык өнөрпоздордун жеке номурлары да орун алды.

"ТҮРКСОЙ эмне үчүн Японияда жүрөт деп таң калгандар болушу мүмкүн, ошолорго түшүндүрүп коюшубуз керек", – дейт ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов. – Ырас, Япондор түрк дүйнөсүнө кирбейт. Бирок биздин, ТҮРКСОЙдун мурдатан келаткан салты бар – түрк дүйнөсүн сыртка таанытуу деген.

Ошондуктан, башканы айтпаганда да, мурунку жылдары ТҮРКСОЙдун эл аралык концерттери Парижде – ЮНЕСКОнун залында, Нью-Йоркто – БУУнун залында бир нече жолудан берилгенин айтсам жетиштүүдүр. Азыр эми Чыңгыз Айтматовдун арты менен биринчи жолу Японияга иш-чара өткөргөнү келип олтурабыз. Мында Түрк тилдүү мамлекеттердин Япониядагы элчиликтери зор жардам көрсөтүштү. Аларсыз биз эч нерсе жасай алмак эмеспиз. Алардын колдоосу менен минтип Күнчыгыш өлкөсүнө жол ачылып олтурат.

Сөз соңунда белгилей кетчү нерсе, эми Токиодо ТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган чоң концерт дагы тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий