• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмунун башкы катчысы «Данакер» ордени менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Касеинов Дусанбай Курабаевичти "Данакер“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн «ТҮРКСОЙ» түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы Касеинов Дусанбай Курабаевич «Данакер» ордени менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий