• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. ТҮРКСОЙ Ош шаарын 2019-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Ош шаарын 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнун борбору деп жарыялоо боюнча сунуш КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан мурда жөнөтүлгөн.

Бул маселе Туруктуу Кеңештин 36-олтурумунун күн тартибине ТҮРКСОЙ тарабынан коюлган.

Ош шаарынын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болууга толук татыктуу экендиги тууралуу эл аралык жыйында КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов атайын докладдар менен чыгып сүйлөштү. Алардын айтуусунда, бул сунуш Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен да макулдашылган.

"Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы бар экендигин, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалгандыгын, шаардагы Сулайман Пайгамбардын атын алып жүргөн ыйык Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргендигин жана башка жагдайларды эске алуу менен ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери Туруктуу Кеңештин 36-отурумунда Ош шаары 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнун маданий борбору деген таанымга, атакка ээ болуусун колдоп беришти", - деп билдирди Кожогелди Кулуев.

2019-жылдан тарта жыл бою ТҮРКСОЙ, Ош шаарынын мэрлиги, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги иш бирлигинде эл аралык көптөгөн иш-чаралар Ошто уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий