• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ТҮРКСОЙ уюмунун жаңы шайланган башкы катчысы Султан Раевдин өмүр баяны

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бурса шаарында (Түркия Республикасы) өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин жыйынында Султан Раев бир добуштан түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу уюм, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланды.

Анкара шаарында штаб-квартирасы жайгашкан ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму («түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу катары таанылган») 1993-жылы негизделген.

Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан мүчө болуп саналат.

Ал эми Венгрия, Молдова, ошондой эле Россиянын бир катар субъекттери (Татарстан , Алтай , Саха , Башкортостан жана Хакасия Республикалары) байкоочу макамына ээ.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу.

Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.

Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген.

Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктын ээси Султан Раевдин аталган эл аралык уюмдун башкы катчысы катары шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң жеңиши катары бааланат.

Резюме.

Раев Султан Акимович
Туулган жылы: 13.07.1958

Туулган жери: Кыргызстан, Ош облусу, Кара-Суу району Жоош айылы

Билими: Кыргыз мамлекеттик университети

Адистиги: Журналистика 1979 – 1984

Иш тажрыйбасы:

2020-жылдан азыркы кезге чейин – Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары (Штаб-квартирасы Стамбул шаары)

2017-2020-жылдарыКР президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси;

2016-2017-жылдарыТарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча башкы директор;

2013- 2014-жылдары КР Маданият, маалымат жана туризм министри;

2011-2013-жылдары КР президентинин кеңешчиси - ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

2007-2010-жылдары КР Маданият жана маалымат министри;

2006-2007-жылдары КР маданият министри;

2005-2006-жылдары - КР өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

2004-2005-жылдары - Маданият жана искусствону колдоо коомдук фондунун президенти;

2002-2004-жылдары - КР билим берүү жана маданият министринин орун басары:

1991-2002-жылдары «Кыргыз руху» гезитинин башкы редактору;

1989-1991-жылдары «Асаба» гезитинин башкы редакторунун орун басары;

1984-1989-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы;

1979-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенти;

1977 - 1979 - Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн;

1975-1977-жылдары Карасуу районунун СЭСинин инструктору.

Наамдары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2003-ж.);

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005-ж.);

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2008);

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (2011).

Сыйлыктары;

Чыңгызхан Медалы ( МЭР президентинин Жарлыгы 2007);

Бирлик Медалы ( РК Президент 2021).

Премиялары

- Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989);

- Т. Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты (1991);

- Ататүрк фондунун эл аралык сыйлыгынын алтын медалы менен лауреаты (2005);

- Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2005);

-«Чыңгызхан» медалы (Монголиянын президентинин Жарлыгы, 2006.);

Эл аралык «Даниэль» сыйлыгынын лауреаты (Корея Республикасы, 2006.);

"Алтын роза" сыйлыгы (Грузия, 2008);

Россиянын Ломоносов атындагы сыйлыгынын лауреаты (2009);

КМШ «Шериктештик жылдыздары» мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2010)

Эл аралык «Жибек жолу» сыйлыгынын лауреаты (алтын медаль). Кытай (2012);

Евразия сыйлыгынын лауреаты. Москва (2017);

ТҮРКСОЙ медалы. Анкара (2018);

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык. (2019)

Генрик Сиенкевич атындагы эл аралык сыйлык. Швеция, Стокгольм (2019).

Китептери

“Чаң жол”. Аңгеме. Бишкек.; ”Мектеп”басмаканасы, 1988;

“Күн кармаган бала”. Повесть жана аңгемелер. Бишкек.; “Кыргызстан”б, 1991;

“Ханышанын көз жашы”. Повесттер жана аңгемелер, драма. Бишкек.; “Шам”б, 2008;

“Haftanin besinci gunu”. Повесть, аңгеме. Анкара.; «Бенжи» б, 2011;

“Weeping of the Gueen”. Драма, ангемелер. “Mega print” б, 2011;

“Корона”. Повесть, аңгемелер, драма. Москва.; ”Перо”б, 2012;

“Жанжаза”. Роман. Бишкек.; “Турар”б, 2013;

“Кара”. Роман. Лондон.; Hertfordshire Press, 2015;

“Антистандарт”. Сб.стихов. Бишкек.; “Турар” б, 2016;

“Топон”. Роман и повесть. Бишкек.; “Турар”б,2018;

“Пятый день недели”. Повести и рассказы. Бишкек.; “Турар” б, 2017;

“Пусу”. Сб. Рассказов. Бишкек.;. “Турар” б, 2019;

“Илегилек”. Сб.пьес. Бишкек.; “Турар” б, 2019;

“Потоп”. Роман. Москва.; “Перо” б, 2019;

“Тumarhane”. Роман.Анкара.; ВENĞÜ, 2018;

“Жанжаза”. Роман. Астана.;«Edige» б, 2019.

Драмалары:

«Оо, кыздар» реж. Н.Абдыкадыров, 1990 г. Театр «Тунгуч»;

«Күн кармаган бала» реж. А.Сарлыкбеков, 1990. Нарын драма театры;

«Дубал» реж.Р.Усманов, 1992 ж. Жалал-Абадский облустук театры;

«Женщина» реж. А.Сарлыкбеков, 1993. ЖКТ;

«Кашар» реж.С.Раев, 1998. Нарын драма театры;

«Тайамам» реж. Н.Абдыкадыров, 1999 . «Тунгуч» театры;

«Исхак Раззаков» реж. С.Раев 2000. Ош кыргыз драма театры;

«Плач царицы» реж. С.Раев, 2001 . «Тунгуч» театры;

«Долгая дорога в Мекку» реж. Барзу Абдуразаков. 2011. «Учур» театры;

«Суфлер» реж. С. Раев, Б.Кыдыкеева атындагы ЖКТ, 2015;

«Илегилек» реж. С. Раев, «Тунгуч» театры 2016;

«Ман» реж. С. Раев. М. Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры, 2018;

Киносценарийлери:

“Курманжан Датка” ( х/ф, авторлош);

“День последний” ( автор, режиссер- коюучу);

“Агай” (д/ф, автор,режиссер-коюучу.);

“Женщина” (х/телефильм, автор);

2002-жылы Султан Раев Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин Лондонго чакыруусуна татыктуу болгон, Букингем сарайында анын Алтын юбилейине арналган салтанатка катышкан.

“Акыркы керээз” спектакли 2007-жылы Би-Би-Си (Улуу Британия) тарабынан “Жети керемет – дүйнөнүн эң мыкты жети пьесасы” рейтингдик антологиясына кирген.

"Ханышанын ыйы" пьесасынын негизинде коюлган спектакль 2016-жылы Лондондогу Space театрында англис тилинде коюлган.

Пикир

Оставить комментарий