• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев эмгек жамаатка тааныштырылды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 1-апрелде, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага маданият министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Дүйсен Касеинов жана эмгек жамаат катышты.

Жаңы кызмат ордуна бекиген башкы катчы Султан Раевге ишине ийгилик каалап, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын жайылтууда жигердүү иш алып баруусун каалашты.

Эске салсак, Султан Раев 31-мартта Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекиген.

Пикир

Оставить комментарий