• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркстан шаарында ТүркПАнын Х пленардык жыйыны өттү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 29.09.21./Кабар/. 28-сентябрда Казакстандын Түркстан шаарында ТүркПАнын Х пленардык жыйыны өтүп, ага Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы Талант Мамытов баштаган делегация катышты.

КР ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Жыргалбек Турускулов, Бейшеналы Нурдинов, Сайдулла Нышанов, Рыскелди Момбеков, Салайдин Айдаров, Шайлообек Атазов бар.

Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген 14 маселе каралды. Саясий-социалдык-экономикалык, маданий –гуманитардык, укуктук жана башка тармактарда мамилелерди өнүктүрүү жаатында сөз болуп, ТүркПАнын бир жылдык аткарган жумушу жана алдыдагы пландар туурасында сунуштар айтылды.

Сессиянын учурунда ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков комиссиянын сунуштамалары боюнча "Пандемия шартында ТүркПАга мүчө - өлкөлөрдүн айылдык аймактардагы социалдык абалы" туурасында баяндама жасап, бул мезгилде өкмөттөрүбүз айыл калкынын өсүп келе жаткан жаштардын билиминин керектүү денгээлин камсыз кыла албагандыгын белгиледи. “Азык түлүккө болгон баанын өсүү тенденциясын баса белгилеп кетүү зарыл. Бул аймакта санариптештирүү чечими пандемияга каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойноп, баардык аймактар 100 пайыз сапаттуу интернет менен камсыздалган эмес. Бул багытта иштерди күчөтүү зарыл”, - деди эл өкүлү.

Ал эми Экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеӊештин депутаты Салайдин Айдаров “Электрондук коммерция боюнча моделдик мыйзам жөнүндө” жана “Жашыл экономика, инновация жана санариптештирүү боюнча мыйзамды колдоо тажрыйбасы” жөнүндө баяндама жасады.

Пикир

Оставить комментарий