• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Төрт адам каза болуп, бир кыз оор абалда. Бишкектеги үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бишкектин Манас проспектисинде жеңил автоунаа менен автобус кагышкан жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 14:54төр чамасында Манас проспектиси менен түндүк тарапка бара жаткан "Шкода-Актавия" унаасы (айдоочусу тактала элек) №129-үйдүн алдында "Ясин" үлгүсүндөгү автобус менен кагышкан. Манас проспектиси менен түштүк тарапка бара жаткан Б.А., аттуу айдоочу башкарган №8 автобус кырсыктан кийин жол четиндеги бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынан "Шкода-Актавия" унаасындагы 4 эркек бала алган жаракатынан улам каза болгон.

Бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жабыркагандыгы маалым болду.

Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Каза болгондордун өздүгү жана жабыркагандардын саны такталууда.

Чогулган материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий