• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрт адамдын өмүрүн алган Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгы (Сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.18. /Кабар/. Кечээ, 13-январда Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, натыйжада төрт адам каза болгон,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чычкан капчыгайында катталган. “Мунайзат ташыган чоң унаа менен "Опель Зафира" үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 2 эркек менен 1 кыз жаракат алып, 3 эркек жана 1 аял мерт болгон. Каза болгондордун денеси өлүк сактоочу жайга, жаракат алгандар райондук ооруканага жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий