• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилип, бир катар үйлөр алынат — президент

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.

Жыйында президент Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров учурунда (ред.: Коопсуздук кеңешин жетектеп турганда) Төрт-Көчө боюнча кол койгон протоколуна токтолду.

“Мыйзамсыз, аны дааратканага алып барып коюш керек деп жатпайсызбы, (Адахан Мадумаровго) бирок тажик тарап ал протоколду көрсөтүп туруп алууда. Өткөндө Астанада үч тараптуу жолугушууда да тажик тарап кол койгон протоколун аткарбай келет деп көрсөтүүдө. Андан бери эки жолу сүйлөшүп келдик. Биз аны кайтарып, Төрт-Көчөгө нейтралдуу (кво) макамын бердирип жатабыз. Ошого макул кылдык. Сеники дагы эмес, биздики дагы эмес кылып жатабыз”, - дейт ал.

Жапаров ортодогу эки тараптан тең бир катар үйлөр алына турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий