• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрт кабыргасы сынып, баш сөөгү жарылып кеткен: кызганычтан жарандык никедеги аялын өлтүргөн

Аймак 0

Бишкек, 10.01.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-январында болжол менен саат 11:40 чамасында Ош шааарынын Кызыл-Аскер кѳчѳсүндѳгү үйлѳрдүн биринде аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн,-деп билдире Ош ШИИБнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө 1977-жылы туулган М.А., киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

“Каза болгон аял башына жана денесине алган соккудан улам көз жумган. Маркумдун төрт кабыргасы сынып, баш сөөгү жарылып кеткен. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делип аял менен жарандык никеде жашаган 1977-жылы туулган Б.Н., аттуу жаран кармалган”,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү ошол эле күнү Ош шаарынын борбордук базарынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын милиционерлери тарабынан колго түшкөн.

“Кылмышка шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ кызганычтан улам аялды 7-январда эле катуу сабап, үйдѳн чыгып кеткендигин айткан. Ал жасаган кылмышын моюнуна алды. Окуя болгон учурда экөө тең мас абалда болушкан”,-деп билдиришти Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан.

Учурда аталган факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий