• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрт министрдин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерге макулдук берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.22./Кабар/. Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин, транспорт жана коммуникациялар министринин, энергетика министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкерлер тууралуу баяндама жасаган Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Уланбек Мамбетакунов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин кызмат ордуна Алтынбек Максутов, транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Тилек Текебаев, энергетика министринин кызмат ордуна Таалайбек Ибраев сунушталганын билдирди.

Талкуу маалында Максат Сарбагышов билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Уланбек Мамбетакуновду мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жатаканаларынын абалын жакшыртуу маселесине көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Тилек Текебаевге облустардын жана шаарлардын ортосунда автобус каттамдарын калыбына келтирүү жана автобекеттерди оңдоо сунушун берди.

Ошондой эле депутат Русланбек Жакышов Алтынбек Максутовго кайрылып: “Сиз мурда да тармакты жетектегенсиз, бирок ийгиликтүү министр катары иштей алган эмессиз. Өзүңүз кайсы жасаган реформаңызды эстей аласыз?” – деп сурады. Муну менен транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерден жолдордун сапатына көңүл бурууну талап кылды.

Андан тышкары депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек району боюнча быйыл 1515 бала мектепти бүтүргөнүн, анын 526сы гана жогорку окуу жайга өткөнүн билдирди. “Жалпы 944 бала республикалык тестирлөөгө катышкан, калган балдар кайда калды. Аймактагы шартты эске алып, жеңилдиктер берилиши керек болчу”, – деди депутат.

Муну менен катар депутат Айсаракан Абдибаева энергетикадагы жоготууларды азайтуу керектигине токтолсо, депутат Кундузбек Сулайманов мурдагы министрлердин тагдырынан сабак алууга үндөдү.

Жалпысынан жыйында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, жыйынтыгында сунушталган талапкерлердин кызмат орундарына дайындалышына макулдук берилди.

Пикир

Оставить комментарий