• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрт партия Бабановду премьер-министр кызматына көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. "Республика", "Реформа", "Ата-Мекен" жана "Бир Бол" партиялары Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, ал эми Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына сунуштоодо. Бул тууралуу аталган партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

Алар "Акыркы үмүт" аталышындагы меморандумга кол койгонун билдирип, алардын билдирүүсүн "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова окуп берди.

Билдирүүгө ылайык, аталган төрт партия Өмүрбек Бабановду премьер-министр кызматына, ал эми Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер кызматына көрсөтүүнү чечкен.

Пикир

Оставить комментарий