• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрт жылдын ичинде Россия тараптан КРге дээрлик 125 млн. долларга аскердик техника келген

Коом 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Төрт жылдын ичинде Россия тараптан Кыргызстанга дээрлик 125 млн. долларга аскердик техника келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйынында КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын төрагасынын орун басары Нурлан Чомоев билдирди.

Анын айтымында, КР көз карандысыздыкты алгандан тарта Россия өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

“Бизде 35ден ашун келишимге кол коюлган. Мурда эки өлкө аймагында аскердик техникаларды, куралдарды жана башкаларды колдонуу менен аскердик объекттерди жайгаштыруу боюнча келишимге кол коюлган”, - деп билдирди Чомоев.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанга 2012-жылга чейин Россиядан жалпы суммасы 23,5 млн. АКШ долларына аскердик техника келген. Ал эми 2014-жылдан тарта 125 млн. 784 миң сомго аскердик техника келген.

Пикир

Оставить комментарий