• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түш жоору: Килем көрсөң - пайдалуу иш

Дүр дүйнө 0

Адам баласынын түшүнө эмнелер гана кирбейт. Кыргызда илгертеден бери келатка сөз бар - "Түшүң түлкүнүн богу" же болбосо “Түштүн башы казандай, моюну кылдай " деген.

Ошондон уламбы, айтоор кандай гана түш болбосун чоң энелер бардыгын жакшылыкка жооруп коюшат.

Адамдын түшүнүн орточо узактыгы бир нече факторлордон көз каранды; жаш курагы, жынысы, жашоо образы, тамактануу жана чарчоо деңгээли.

Уйку бузулганда түш бир нече секундга чейин гана созулушу мүмкүн.

Окумуштуулардын ою боюнча, адам кандайдыр бир маселе тууралуу канчалык көп ойлонсо, ал түшүнө кирип, аны түшүндө чечип алса болот.

Түш – адамдын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары бааланып келет. Кыргыздар да түштү жооруп, анын мазмунун түшүндүргөнгө аракет кылып келишет.

Түш жоору:

- Жоолук түшкө кирсе анда - жакынкы күндөрү сөзсүз бирөөнү сүйүп калышыңыз мүмкүн.

- Жылан – түшкө жылан кирсе, ал сенин душманың деп айтып коюшат.

- Кайчы - кайчы менен бир нерсени кессең - киреше кирет. Курчутсаң - майда уруш-талаш болот деп айтылып коёт. Анан дагы кайчы түшкө кирсе, анда, кырсык сени айланып өтөт деп жоорулат.

- Имарат- өтө эле бийик имарат - ишиндин акыбети кайтат. Ичине кирсең - жашооң оңолот. Кыйрап баратса - кыйынчылыкты жеңесиң. Толугу менен жерге төшөлүп калган имарат - эл арасында начар пикирге ээ болосуң. Жаңы курулган имарат - келечектеги асыл ой-максаттарың.

- Илбирс - жагымсыз окуялар болуп кетиши мүмкүн. Көрө албас душмандар ишиңе бут тосот. Абайлап иш кыл.

- Кагаз - ак барактуу кагаздар - баары жайында болот. Кара кагаз - суук кабар.

- Көпүрө - баарын табасың. Өтүп баратсаң - коркунучтан кутуласың. Өтүп баратып чалынып жыгылсаң - бут тоскондор көп. Ийри көпүрө - жакындарыңдын сен жөнүндөгү тескери пикири. Көпүрөнүн астынан өтсөң - түз жолуңдан эч ким азгыра албайт.

- Кийим - жаңы сатып алсаң - ийгилик. Кара кийим - кайгы, муң-зар. Ак кийим - жакшылык. Балдардын кийими - үйдөгү чыр-чатак. Кийинип атсаң - жашооңдо өзгөрүү болот.

- Көпөлөк -учуп жүрсө - ийгилик сеники! Көптөн бери кезиге элек адамга кезигесиң. Кыз баланын түшүнө көпөлөк кирсе - алыстан күткөн жигити келет.

- Килем - пайдалуу иш. Телегейи тегиз теңтуштарың башыңа иш түшкөндө жардамга келишет. Килемдин үстү менен басып баратсаң - кызмат абалың оңолот.

- Кат - келечектен сага аян берилди. Ар бир адам мындай түштөн соң ойлонуп кадам таштасын. Туура эмес иштерди жасап өкүнүп калба.

- Аргымак – эгерде түшүңдө ат минип жүрсөң, дөөлөттүү болот деп коюшат. Ал эми ат жайдак болсо, аз жашооңдо да көп кемчилик болот. Атыңды кимдир бирөөлөр алып кетсе, анда жакын адамыңдан алыстайсын.

Пикир

Оставить комментарий