• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түштүк – 2021” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Баткен облусундагы 30630 аскер бөлүгүнүн полигонунда “Түштүк – 2021” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун жыйынтыктоочу салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанатка КР коргоо министри Таалайбек Өмуралиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, областын укук коргоо жана башка администрациялык ведомстволордун өкүлдөрү жана “Түштүк – 2021” машыгуусунун катышуучулары катышты.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, КР коргоо министри Таалайбек Өмүралиев бул машыгууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи жана машыгуунун катышуучуларына коюлган тапшыраларды аткарууда жогорку жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн ыраазылык билдирип, мындан аркы кызматтарына ийгиликтерди каалады.

Машыгуунун жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн катышуучуларга КР коргоо министринин атынан сыйлыктар ыйгарылды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2-сентябрынан тарта 4-сентябрына чейин Баткен жана Ош облустарында “Түштүк – 2021” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусу болуп өтүп, ага 1500дөн ашуун жаран катышып, КР Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМК Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскер кызматкерлери тартылган.

Машыгуунун жүрүшүндө мобилизациялык ресурстарды тартуу боюнча практикалык иш-чаралардын комплекси аткарылды. Окуу-машыгуу борборунда резервдик аткычтар ротасы күжүрмөн ок атуу аркылуу бирдиктүү, айкалышкан күжүрмөндүүлүккө келтирилди. Машыгуулардын катышуучуларына тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле мобилизацияны жүргүзүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча штаб окууларын уюштуруу дагы практикаланды.

Пикир

Оставить комментарий