• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк-Африка республикасынын президенти отставкага кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Түштүк-Африка республикасынын президенти Жейкоб Зума отставкага кетерин жарыялады. Reuters агенттиги маалымдагандай, мамлекет башчы коррупцияга айыпталууда.

Апта башында Афирика улуттук конгресси башкаруучу партиясы жана анын башкы катчысы Эйс Магашуле Зумадан отставкага кетүүнү талап кылган. Өлкө мыйзамдары боюнча мамлекет башчынын милдетин вице-президент Сирил Рамафоса аткарат.

Жейкоб Зума 2009-жылы президент болуп, 2014-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 2017-жылы мамлекет башчы коррупияга айыпталган. Африка улуттук конгресси Зуманы партиянын башчылыгынан кетирген, анын ордун Рамафоса ээлеген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий