• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк Африкада көгүлтүр оттун жарылуусунан 50гө жакын адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Түштүк Африкагы ишканалардын биринде көгүлтүр оттун жарылуусунан 50гө жакын адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн ER24 шашылыш медициналык кызматы билдирди.

Окуя жума күнү эрте менен Олифантсфонтейн шаарында болгон. Жарылуу орун алган жерге тез жардам чакырылган.

Дарыгерлердин айтымында, 50гө жакын адам ар кандай даражада жабыркаган.

Бактыга жараша окуя болгон жерде каза болгондор жана оор жаракат алгандар болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

Бардык жабыркагандар ооруканага жаткырылган. Кырсык орун алган жерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары барышкан. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий