• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түштүк Африкадагы эң кымбат дүкөндөрдүн биринде кыргыз брендинин кийимдери сатылууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.17. /Айжамал Душйшоева - Кабар/. Атамекендик аялдардын YUMMY өндүрүү брендинин кийимдери эми мындан тарта Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы эң кымбат дүкөндөрдүн биринде сатылууда.

Атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаевдин айтуусуна караганда, дүкөндүн кожоюнуна атамекендик өндүрүштөгү жана аталган бренддин негиздөөчүсү Эльгиза Бекенованын кийимдери жагып калган.

“Эми биздин кийимдер дүйнө жүзүнө таанымал болгон Лонг Стрит соода көчөсүн кооздоп турат. Бул сыймык. Эгерде араңардан кимдир-бирөө ал жакка барып калса, Кейптаун шаарын багындырган биздин кийимдерди айтып, сыймыктансаңыздар болот”,-деди Дегенбаев.

Пикир

Оставить комментарий