• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк аймагындагы шаар мэрлери жана акимдер үчүн семинар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Түштүк аймагындагы шаар мэрлери жана акимдер үчүн семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү жана региондорго инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну колго алуу максатында “Бизнес пландарды даярдоо” жана “Протоколдук иш чараларды уюштуруу ” аталышындагы семинар өтүүдө.

Семинарга түштүк аймагындагы акимдер жана шаар мэрлери катышууда

Пикир

Оставить комментарий