• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түштүк аймактарда дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашы байкалууда – ӨКМ башчысы

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймактарында дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүүсү байкалууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, жаздын келиши менен жаан көп жаап, андан соң температуранын кескин жогорулашы байкалууда.

“Бүгүнкү күндө түштүктө, атап айтканда, Жалал-Абад жана Ош облустарында дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүү темпи байкалууда”, - деди ал.

Ошондой эле Аскаров баса белгилегендей, тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарда жер титирөө көп катталууда.

“Биз үгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдөбүз. Коронавирус менен күрөшүүдөн тышкары, биз өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштерди алып баруудабыз. Былтыр пайда болгон бир нече жаракаларга байкоо жүргүзүүдөбүз, быйыл алар өзгөрүп калды.Ошондой эле бизде дарыялардын жээктерин тазалоо жана бекемдөө боюнча пландуу иш-чаралар бар,” – деп билдирди министр.

Аскаров кошумчалагандай, республика боюнча коркунуч жараткан 300 дарыя бар.

Пикир

Оставить комментарий