• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана “Тез жардам” унааларын белекке берет

Коом 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана “Тез жардам” унааларын белекке берет. Бул маселени Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан жана Сеулдун өрт өчүрүү кызматынын өкүлү талкуулашты.

Райондук өрт өчүрүү кызматынын башкармалыктарынын биринин башчысы Чонг Чжэ-хунун маалыматына караганда, өрт өчүрүүчү унаалар колдонулуп баштагандан кийин 8 жылдан соң, “Тез жардам” унаалары 5 жылдан соң эсептен чыгарылып, өнүгүп жаткан өлкөлөргө бекер берилип же сатылат.

Жолугушуу учурунда келерки жылдан баштап Сеулдун өрт өчүрүү кызматынын башкы штабынын колдоосу менен эки “Тез жардам” жана эки өрт өчүрүүчү унааны Кыргызстанга жиберүү пландалып жатканы айтылды.

Сеулдун өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү келерки жылы Кыргызстанда 4 өрт өчүрүү бөлүгүн куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын билдиришти. Анын алкагында 12 өрт өчүрүүчү унаа жиберилет.

Ошондой эле Кореянын өрт өчүрүү кызматы КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине заманбап өрт өчүрүүчү жана “Тез жардам” унааларын колдонуу боюнча бекер тренинг өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Учак билети, жашоосу жана тамак-ашы Корея тараптан төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий