• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк Корея Өзбекстан ооруканаларына 74 миллион доллар бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Түштүк кореялык "Эксимбанк" Өзбекстандагы ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн 74 миллион доллар бөлдү.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги "Эксимбанктын" өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлганын маалымдады.

Долбоорго ылайык, алыскы аймактардагы жана айыл жерлериндеги 150 медициналык мекеме жогорку технологиялык жабдууларга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшырта турган кошумча медициналык материалдарга ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий