• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Кореяда 4 ай “Манас” эпосуна арналган көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек. 06.09.18 /Кабар/. Кванджу шаарындагы Азия маданиятынын борборунда 7-сентябрда “Манас” эпосуна арналган көргөзмө ачылат. Анын жүрүшүндө корей тилиндеги “Манас” китептери коюлуп, “Манас” спектакли көрсөтүлөт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, КР илимдер академиясынын, КРнын улуттук көркөм сүрөт музейинин, улуттук китепканасынын өкүлдөрү, манасчы Рысбай Исаков, КРнын Корея Республикасындагы элчилиги катышат.

Көргөзмө Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин колдоосунун астында Азия маданиятынын борбору тарабынан уюштурулган.

Көргөзмө 7-сентябрдан 30-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий