• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түштүк Кореяда “Аврора” кыргыз тасмасынын бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 08.10.18./Кабар/. Түштүк Кореянын Бусан шаарында өткөн XXIII эл аралык кинофестивалда кыргыз тасмасы “Авроранын” бет ачары болду. Бул тууралуу КР Кинематография департаментинен билдиришти.

Режиссёр Бекзат Пирматовдун эмгеги “Кинодогу жаңы багыттар” негизги сынактык программасына катышууда.

Белгилүү болгондой, кыргыз тасмасы Бусан кинофестивалынын негизги сынактык программасына алгачкы жолу катышууда. Актан Арым Кубаттын, Марат Сарулунун, Эрнест Абдыжапаровдун жана Таалайбек Кулмендеевдин тасмалары “Азиянын кино дүйнөсүнө терезе” сынактан тышкары расмий программада көрсөтүлдү. Ошондой эле Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы конокторго көрсөтүлгөн.

Бусандагы кинофестивалга жыл сайын 180ден ашык өлкөдөн 270ке жакын тасма катышат.

Пикир

Оставить комментарий