• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Кореяда Борбор Азия менен байланыштарды колдоо боюнча Жаштар ассоциациясы түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Сеулда Борбор Азия менен карым-катнашты колдоо боюнча Жаштар Ассоциациясы түзүлдү. Ал Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын жаштары менен мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшмөкчү, деп жазат Kazakh-tv.kz.

Сеул универститетинин магистранты Жанар Егисбекова биздин мамлекеттин атынан аталган уюмга мүчөлүк кылат.

Уюмдагы Казакстандын өкүлү Жанар Егисбекова бул жакка 4 ай мурда жаңы келгенимде метродо кантип карта менен колдонуу керектигин, кайсы уюлдук тармак ыңгайлуу экенин жада калса окуу жайыма кантип жетүүнү дагы билчү эмесмин. Анын пикиринде, ошондо бул жактагы биздикине окшош тилде сүйлөгөн боордошторго тезирээк көнүп кетүүгө жардам бере турган уюм болсо деген ой келди.

Ассоциация Борбор Азиядан келген студенттерге эле жардам бербестен, түштүк кореялыктарды аймактын маданияты менен дагы тааныштырат. Уюмдун мүчөлөрү Аралды колдоо боюнча фонд дагы түзүшкөн. Жаңы жылда ушул жана башка багыттарда иш алып барууну көздөшүүдө.

Өзбекстандын өкүлү Мансур Бабаджановдун маалыматы боюнча, 2019 -жылы бирикмеге дагы көбүрөөк мүчөлөрдү тартууну көздөп жатат.

"Борбор Азия мамлекеттеринин келип Кореяда жашап жаткандарга атайын мастер класстарды уюштуруп келебиз. Анткени бул жакта ар бири бир топ кыйынчылыктарга туш болушат. Негизи эле адам жаңы жерге көнүп кетиши үчүн убакыт керек. Бирок билим берүү жана окутуу программаларынын жардамы менен Кореяда жашоо жеңилирээк болот", - деди Бабаджанов.

Жакында эле Ассоциация мүчөлөрү жолугушууга чогулушкан. Конокко келген Сеулдун тургундары менен башка мамлекеттердин өкүлдөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук даамдары менен сыйлашып, концерт уюштурушкан.

Пикир

Оставить комментарий