• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Түштүк Кореяда коронавирусту 2 миңден ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирустун COVID-2019 түрүн жуктурган дагы 256 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Ал эми коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын жалпы саны 2 миң 22ге жетти.

Буга чейин Түштүк Кореяда эпидемиологиялык коркунучтун деңгээли үчүнчү "сары" абалдан төртүнчү "кызыл" абалга көтөрүлгөн.

KCDC маалыматына ылайык, илдетти жуктурган жаңы 182 учур Тэгу шаарында катталган. Дагы 49 учур Кёнсан-Пукто провинциясында жана калгандары башка жерлерде аныкталган.

Илдеттен 13 адам көз жумду, 26 жаран айыкты жана 24 миң 715тин анализдери чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий