• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк Кореяда коронавирусту 7 миңден ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда бир сутка ичинде коронавирустун COVID-2019 түрүн 248 адам жуктурганы катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Өлкөдө дартты жалпы жонунан 7 миң 382 адам жуктуруп, 51 жаран көз жумду.

Буга чейин 50 адам каза болгону айтылган. Түштүк Кореяда эпидемиологиялык абал жогорку деңгээлге көтөрүлгөн.

KCDC уюмунун маалыматында, дүйшөмбүгө караган түндө ооруну жуктурган жаңы 90 учур Тэгу шаарында катталган. Кёнсан-Пукто провинциясында 26 учур жана калганы башка жерлерде байкалган. Ооруканадан 166 адам чыгарылган. 17 миң 458 адамдын анализдери чыга элек.

Ал эми Сеулда 130, Тэгуда 5 миң 571, Кёнсан-Пуктодо 1 миң 107, Кёнгидо провинциясында 152, Пусанда 96 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий