• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Кореяда коронавирусту 800дөн ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн жуктурган дагы 70 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 833гө жетти.

Илдеттен 7 адам каза болду, 22 бейтап оорудан айыкты. Ошондой эле 11 миң 631 жарандын анализдери чыга элек.

KCDC уюмунун маалыматында, ооруну жуктуруп алган 40 учур Тэгу шаарында байкалган. Кёнсан-Пуктодо 12, Пусанда дагы 12 учур катталган. Калгандары өлкөнүн башка аймактарында байкалган.

Буга чейин 61 жаштагы аял кишиде коронавирус аныкталган. Ал Кытайга барбаганын айтып, анализ тапшыруудан баш тарткан. Ооруп жатканын билбеген жаран Тэгу шаарындагы чиркөөгө барган. Сыйынуучу жерден коронавирус башка адамдарга да тараганы билдирүүдө айтылат.

Жергиликтүү бийлик чиркөөгө барган 9 миң 336 адамды үй-карантинге киргизген. Алардын 1 миң 276 адамда вирустун белгилери байкала баштаган. Жергиликтүү бийлик дагы 604 жаран менен байланыша албай койгон.

Пикир

Оставить комментарий