• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктургандардын саны 1595ке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирустун COVID-2019 түрүн жуктурган дагы 334 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Аталган илдетти жуктургандардын жалпы саны 1595ге жетти.

Буга чейин Түштүк Кореяда эпидемиологиялык коркунучтун деңгээли үчүнчү "сары" абалдан төртүнчү "кызыл" абалга көтөрүлгөн.

KCDC уюмунун маалыматында, жаңы катталган 334 учур Тэгу шаарында байкалган. Коронавирустан 12 адам каза болуп, 24ү айыкты жана 21 миң 97 адамдын анализдери чыга элек.

Учурда Тэгу жана Кёнсан-Пукто провинциясы өзгөчө эпидемиологиялык көзөмөл аймагы катары жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий