• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миңге жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирустун COVID-2019 түрүн жуктуруп алган дагы 84 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 977ни түздү жана 10 адам каза болду.

Коронавирустан 22 адам айыкты, 13 миң 880 кишинин анализи чыга элек жана алты бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

KCDC уюмунун маалыматында, ооруну жуктуруп алган 44 учур Тэгу шаарында байкалган. Кёнсан-Пуктодо 23 учур катталган. Калгандары өлкөнүн башка аймактарында байкалган.

Пикир

Оставить комментарий