• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 156га жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алган дагы 52 учур катталды. Аталган илдетти жуктургандардын жалпы саны 156га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Буга чейин илдеттен бир адам каза болуп, 104 адам ооруну жуктурганы айтылган.

Ооруканадан айыгып 16 жаран чыгарылган. Ошондой эле 2 миң 707 адам текшерүүдөн өтүүдө.

Маалыматка ылайык, Тэгу шаарында илдетти жуктурган дагы 38 учур аныкталган. Өлкөнүн башка райондорунда 14 учур катталган.

Буга чейин Сеулда коронавирусту жуктурган 61 жаштагы аял киши болгону айтылган. Ал буга чейин Кытайга барган эмес, аны менен бирге, ооруган адамдар менен байланышта да болгон эмес. Бирок, 61 жаштагы жаран текшерүүдөн өткөндө оорунун белгилери аныкталган. Учурда ал карантинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий