• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түштүк Кореяда Кыргызстандын күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Түштүк Кореянын Хамян шаарынын администрациясы тарабынан уюштурулган карылыкка каршы жана жапайы женьшендин орду жөнүндө эларалык ЭКСПОнун алкагында Кыргызстандын күнү белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө элчилик туристтик мүмкүнчүлүктөрдү, концерттик программаны, Кыргыз Республикасынын маданиятын жана органикалык азыктарын тартуулады.

Салтанаттуу иш-чарада эки өлкөнүн гимндери аткарылып, Кыргызстан тууралуу видео көрсөтүлүп, Хамян шаарынын мэри Cо Чун Су, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова жана Кенсан-Намдо провинциясынын парламентинин мүчөсү Ким Джэ Уң куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Элчи Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын белгилөө, эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү жетишкендиктер жана окуялар, Кыргызстандагы учурдагы демократиялык процесстер, ошондой эле эки өлкөнүн элдерин жакындатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маданий программанын алкагында "Ай-Пери" маданий ассоциациясы тарабынан кыргыз бийлери аткарылып жана комуз чертилди.

Атайын павильондо элчилик кыргыз диаспорасынын катышуусу менен биргеликте Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтерди көрсөтүүнү жана Влад Ушаковдун Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, туризм жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө китепчелерди таратты.

Иш-чаранын алкагында Хамян шаарынын мэри Со Чун Су, Хамяндын тармактык агенттиктери менен департаменттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен кыргыз-корей тегерек столу болуп өттү, анда тараптар кыргыздардын шаарлары менен боордоштук мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн, жумушчуларды EPS системасы жана сезондук жумушчулар аркылуу кабыл алуусу, аймактар аралык соода-экономикалык байланыштар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарада кореялык коноктор улуттук даамдардан жана кыргыз балынан даам тата алышты.

Пикир

Оставить комментарий