• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Кореяда Кыргызстандын соода кеңсеси ачылды

Экономика 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирʏʏ максатында 28-июнь күнү Түштүк Кореянын борборунда Кыргыз Республикасынын соода кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Соода кеңсеси Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен түзүлгөн.

"Ага Түштүк Кореянын ишкери Ким Жин Вон мырза жардам көрсөттү. Ким Жин Вон Кыргызстандын продукциясын Түштүк Кореянын базарына чыгарууга көмөк көрсөтөрүн билдирип акысыз пайдаланууга бөлмө бөлүп берди", - деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземинде элчи Динара Кемелова сөз сүйлөп, Сеул шаарында өткөн «Import Goods Fair» аттуу эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын павильону көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна ээ болгонун белгилеген.

Ошондой эле элчи жакын арада Кыргызстандын продукциясы 50 миллион калкы бар Түштүк Кореянын ири соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирген.

Соода кеңсе Сеул шаарынын борборунда жайгашкан. Ал райондо шаардын мэриясы, Кореянын башка мамлекеттик мекемелери, соода палатасы жана эл аралык соода борборлору орун алган.

"Соода кеңседе Кыргызстандын органикалык продукциялары коюлган. Алардын арасында «Дары Тянь-Шаня», «Аман Гринфуд», «Бир айыл – бир долбоор» деген компаниялардын кийизден жасалган боюмдары, бал, кыям жана башка товарлары бар. Аталган компаниялар жогоруда белгиленген кɵргɵзмɵгɵ катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий