• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түштүк Кореяда мыйзамсыз КР мигранттарынын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 20.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Түштүк Кореяда Кыргызстандан барган мыйзымсыз мигранттардын саны 1000ден 600 адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Корея Республикасында бардыгы болуп дээрлик 6 миң КР жараны жашайт, мурдагы маалыматтарга салыштырмалуу бул сандар өскөндүгү байкалат.

“Ошол эле убакта мыйзамсыз мигранттардын да саны азайгандыгы байкалат. Эгерде 2017-жылда алардын саны 1000 болсо, учурда 600гө жакын адам”,-деп билдиришти ведомстводон.

Маалыматка ылайык, Элчилик эки өлкө ортосундагы достук мамилени бекемдөө максатында келечекте да жарандардын чет жакта жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий