• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түштүк Кореяда өпкөнү сезгенткен дартты 6 миңден ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда бир сутка ичинде коронавирустун жаңы түрүн жуктурган дагы 518 учур катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Ага ылайык, илдетти жуктургандардын жалпы саны 6 миң 284гө жетип, 42 адам каза болду.

KCDC уюмунун билдирүүсүндө, коронавирусту жуктурган жаңы 367 учур Тэгу шаарында катталган, 123ү Кёнсан-Пукто провинциясында жана калгандары башка жерлерде аныкталган. Оорудан 20 адам айыгып, ооруканадан 108 жаран чыгарылган. Ошондой эле 21 миң 832 адамдын анализдери чыга элек.

Коронавирусту жуктургандардын 105и Сеулда, 4 миң 693ү Тэгуда, 984ү Кёнсан-Пукто провинциясында, 120сы Кёнгидо провинциясында жана Пусанда 95 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий