• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түштүк Кореяда өпкөнү сезгенткен дартты 7500дөн ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн 7 миң 513 адам жуктурду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, COVID-2019 оорудан 53 жаран көз жумду.

Буга чейин 51 адам каза болгону айтылган. Түштүк Кореяда эпидемиологиялык абал жогорку деңгээлге көтөрүлгөн.

KCDC уюмунун маалыматында, шейшембиге караган түндө илдетти дагы 92 жаран Тэгу шаарында, Сеулда жана Кенгидо провинциясында 11, Кёнсан-Пуктодо 10 учур катталган. Ооруканадан 247 адам чыгарылган жана 18 миң 452 бейтаптын анализдери чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий