• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк кореялык агенттик Ош облусунун 15 айылында бир катар долбоорду ишке ашырат

Коом 0

Ош, 19.02.19. /Кабар/. Түштүк кореялык агенттик Ош облусунун бир нече айылында калктын жашоосун жакшыртуучу бир катар долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Узарбек Жылкыбаев менен Түштүк Кореянын эл аралык "KOICA" агенттигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Ош облусунда 15-20 айыл тандалып алынып, ал жакта орто жана чакан ишканалар курулуп, ар түрдүү объектилердин курулушу жана оңдоо иштери жүрөт. Ошондой эле ишкерликти өнүктүрүү жана башка багыттагы долбоорлор жүзөгө ашырылат. Долбоорлор 3 жыл 6 ай аралыгында аткарылат.

Эскерте кетсек, аталган түштүк кореялык агенттик тарабынан ушул айда Ноокат районунда жүндү кайра иштетүүчү чакан цех ачылган. Ал цех күнүнө 500 кг жүндү кайра иштете алат.

Пикир

Оставить комментарий