• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түштүк кореялык компанияларга КРнын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июлунда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова «GS Group» компаниясынын кеңсесинде болуп, «GS Retail» компаниясынын президенти Чо Юн Санг жана «BS-Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хе Рин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын ишкерлери менен сүйлөшүү учурунда элчи Кемелова Кыргызстандын экспорттук жана инвестициялык потенциалы жөнүндө, NAG Group тарабынан кыргыз балы жана таттуулары импорттолуп жатканын айтып, Түштүк Кореяга экологиялык жактан таза продукция жеткирүү жана GS дүкөндөр тармагы аркылуу сатуу боюнча кызматташууну сунуш кылды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика жана соода жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

GS Retail компаниясынын президенти продукцияны кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча потенциалды көтөрүүдө, ошондой эле ушул багыттар боюнча адистерди даярдоодо Кыргызстанга көмөктөшүүгө ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий